Радиожыштык спектринин радиожыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонуу үчүн жыл сайын акы төлөөнү эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 106-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Радиожыштык спектринин радиожыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонуу үчүн жыл сайын акы төлөөнү эсептөө методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
7-июлундагы № 460 «Радиожыштык спектринин радиожыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонгондугу үчүн жыл сайын акы төлөөнү эсептөө методикасын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев