КР Министрлер Кабинетинин 06.10.2026-ж., №670 токтому

2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын
 улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын калкынын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»
 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.   Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)   Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси 1-тиркемеге ылайык;

2)   Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси 2-тиркемеге ылайык.

2.   Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3.   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 «Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

1-тиркеме Дары каражаттар.docx

2-тиркеме Медициналык буюмдар.docx

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинтинин 

Төрагасы                                                                         А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу