КР Министрлер Кабинетинин 08.10.2026-ж., № 676 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–    1-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4)    2026-жылдын 31-декабрына чейин экспортко ташып чыгарылуучу, жалпы көлөмү 9 800 (тогуз миң сегиз жүз) тоннадан ашпаган меште жагылуучу отунду жана 1 500 (бир миң беш жүз) тонна мазутту (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу), «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан өндүрүлгөн;».

2.    Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен кабарласын.

3.    Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүү киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен кабарласын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5.    Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу