КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги №205 токтому

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышып жаткан мамлекеттик (аскердик) авиациянын аба кемелеринин жана чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларынын айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмүн чыңдоо жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 34-беренесине, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларын жана Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга чет өлкөлүк аба кемелеринин катышуусун пландоодо, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “Манас” ААК) жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына (мындан ары – “Кыргызаэронавигация” МИ) учуунун максаты, аба кемесинин тиби жана коно турган жери көрсөтүлгөн керектүү маалыматтарды 10 күндөн кечиктирбей алдын ала жиберип турсун.

2. «Кыргызаэронавигация» МИ төмөнкүлөрдү аэронавигациялык тейлөө үчүн акы төлөөдөн бошотсун:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (аскердик) авиациясынын учууларын;

- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышып жаткан чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларын.

3. “Манас” ААКга:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (аскердик) авиациясынын учууларын;

- Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларын;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышып жаткан чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларын аэродромдордун жана аэропорттордун инфратүзүмүнүн объекттерин пайдаланганы үчүн жана аба кемелерин тейлөө боюнча кызматтар үчүн акы төлөөдөн бошотуу сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                       С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу