Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы№ 270 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын педагогика кызматкерлерин материалдык шыктандыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:
2-главасынын 6-пунктунун сегизинчи абзацы «баштапкы аскердик даярдык мугалимдерине (окутуучуларына)» деген сөздөрдүн алдына «Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын окутуучуларына,» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар тийиштүү жылга республикалык бюджет менен каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков