КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-апрелиндеги № 211 токтому

Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация чектөө үчүн маалыматтар менен электрондук түрдө алмашууну караштырган өз ара аракеттенүү жөнүндө эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашууларды түзсүн:

-   2018-жылдын 1-июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен;

-   2020-жылдын 1-июлуна чейин - ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер–министр                                                                   С.Ж.Исаков