2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын “Ош базары” соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө
2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын “Ош базары” соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын “Ош базары” соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.. Комиссия 2018-жылдын 16-майына чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери тарткан зыяндын өлчөмүн бааласын жана аныктасын;
- 2018-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын “Ош базары” соода-базар комплексинин жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынын аймактарында болгон өрттүн кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин тизмесин бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринен документтерди кабыл алууну уюштурсун (тийиштүү жайларды, оргтехниканы берүү, консультация берүү үчүн телефондорду орнотуу менен ж.б.).
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Комиссия бекиткен тизмеге ылайык карыздын суммасына карата пайыздарды жана өнбөгөн калдыктын суммасы боюнча туумду эсептебестен Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине 2018-жылдын 14-апрелине карата салыктык карыздарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын (узартсын).
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Комиссия бекиткен тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин 2018-жылдын 14-апрелине карата камсыздандыруу төгүмдөрү жана финансылык санкциялары боюнча карыздардын суммаларын тзлоону мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөткө банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилчиликти бербестен, мөөнөтүн кийинкиге жылдырсын (узартсын).
7. Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарына Комиссия бекиткен тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан ишкердик субъекттеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо сунушталсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков