Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иши жөнүндө маалымат берип турсун.
Тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программанын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун.»;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүң үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу жободо:
- 1-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын уюмдарынын эмгек акыларын жана башка төлөмдөрүн накталай эмес формада төлөөгө которуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону.»;
- 5-пунктунда:
үчүнчү абзацы «коммерциялык банктардан» деген сөздөрдөн кийин «жана юридикалык жактар бирикмеси түрүндөгү тармактык ассоциациялардан» деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда кыйла натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында Ведомстволор аралык комиссия жумушчу топторду түзүшү мүмкүн. Жумушчу топторунун курамына тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле акционердик коомдордун, юридикалык жактар бирикмеси түрүндөгү тармактык ассоциациялардын, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери жана жетекчилери кириши мүмкүн;»;
- 12-пунктундагы «3 күн» деген сөз «5 (беш) күн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
«14-1. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому менен бекитилет.»;
- 15-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги же» деген сөздөр алып салынсын.
жогору аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы
С.Ж.Исаков Т.С.Абдыгулов