КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 токтому

“И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку  авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго - кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана “Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. “И.Абдраимов атындагы  Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 9-мартындагы № 103 “Кыргыз авиациялык колледжин түзүү жөнүндө” токтому;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июлундагы № 458 “Кыргызстан аба жолдору” Улуттук авиакомпаниясы” акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 8-абзацы.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн  өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                              С.Ж.Исаков