Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө
Токойду пайдаланууну жана токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 48-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин (мындан ары - Тартип).
- Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Тартип мамлекеттик токой фондунун участакторун ижаралоо боюнча мурда түзүлгөн келишимдерге колдонулбай тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-июлундагы № 377 “Кыргыз Республикасында токой чарбасын коомдошуп жүргүзүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 16-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 482 “Токой фондусунун участокторун ижарага берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков