КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №  834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

   Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №  834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган томтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

-         төмөнкүдөй мазмундагы 531-пункт менен толукталсын:

“531. Аукционду өткөрүү учурунда аукционист узактыгы он мүнөттөн ашпаган бир тыныгуу жарыялоого укуктуу.”;

- 59-пунктунун биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Аукцион болбой калды деп таанылган учурда аукциондук комиссия, ал эми ушул Жобонун 58-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн учурда аукционду уюштуруучу кайрадан аукцион өткөрүү чечимин кабыл алат жана аукционду өткөрүү датасын аныктайт.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу