КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы №145 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндөжобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 7-пунктунда:

1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же өкүлчүлүктө же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;»;

2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу менен бошотулган же дипломатиялык кызматтын органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;»;

3-пунктчасында «жана мамлекеттик кызматчылар»деген сөздөр алып салынсын;

4-пунктчасында «кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары» деген сөздөр «жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүнкызматкерлери» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

 5-6-пунктчаларында «жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматчылары» деген сөздөр алып салынсын;

7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

 8-пунктчасы «2 жылдан кем эмес» деген сөздөрдөн кийин «үзгүлтүксүз» деген сөз менен толукталсын;

 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөө үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча өтүү упайын алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган жарандар;»;

 10-пунктчасында «жана мамлекеттик кызматчылар» деген сөздөр алып салынсын;

 15-пунктунда «жана дипломатиялык кызматтын органдарынын мамлекеттик кызматчылары» деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                    С.Ж.Исаков 

Тиркемелер

Басып чыгаруу