КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы №324 токтому

2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. 2016-жылдын 28-октябрында Минск шаарында кол коюлган Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу (мындан ары − Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирсин.

Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу