Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын дотациялык калктуу конуштарында ачылуучу өнөр жай жана инновациялык ишканалардын инвестициялык ишине дем берүү, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330 жана 344-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Преференциялык болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын калктуу конуштары: Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды;
- социалдык-экономикалык абалды туруктуу деңгээлде кармоо максатында республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттарды (трансферттерди) алган айыл аймактары.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашыруу жөнүндө типтүү инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу), 2-тиркемеге ылайык.
3. Конкреттүү калктуу конуштун аймагынын чектеринде преференциялык өнөр жай ишканаларына салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеңилдетилген салык салууга тийиш жана өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларына инвестициялык салымдарды ишке ашырган инвесторлор менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) макулдашууларды түзүүдө жеткирүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзгөн, катары менен келген 6 календардык айдын ичинде продукциянын экспорттук жеткирүүлөрүн ишке ашырган жана 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларынын өндүрүштөрүн экспортко багытталган деп эсептешсин.
5. Жеңилдетилген салык салуу преференциялык өнөр жай ишканаларынын жеңилдиктер берилген калктуу конуштун чегинен тышкары жайгашкан филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата колдонулбайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү берип турсун:
- преференциялык калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен түзгөн макулдашуулары жөнүндө маалыматты;
- макулдашуунун шарттары инвестор тарабынан аткарылбагандыктан мөөнөтүнөн мурда же жеңилдиктерди берүү мезгили аяктагандыктан колдонулушу токтотулган макулдашуулар жөнүндө маалыматты.
7. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктен алынган, ушул токтомдун
- 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде төмөнкүлөрдү аткара тургандыгы белгиленсин:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен түзгөн макулдашуулардын негизинде жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон ишканалардын тизмесин түзөт;
2) макулдашууларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте эки жылдык мөөнөттө ишканалар боюнча ар бир жыл үчүн берилген жеңилдиктерди айырмалоо жана продукция сатуудан түшкөн каражаттын өлчөмүн жана төлөнгөн киреше салыгынын жалпы суммасын эсепке алуучу ченемдерди белгилөө менен Жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмесине ишканаларды киргизүү жана чыгаруу тартибин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы төрт айлык мөөнөттө инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоо критерийлерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев