КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 183 токтому

Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мурдагы “Чебурашка” № 51 бала бакчанын имаратын өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, мектепке чейинки билим берүү системасын натыйжалуу иштетүү жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 26 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз илимий-изилдөө институтунун балансынан Чүй облусу, Сокулук району, Комсомольское айылы, Строительная көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан мурдагы «Чебурашка» № 51 бала бакчанын имаратын түздөн-түз арналган багыты боюнча пайдалануу үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

-   ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын сактыгын камсыздоо;

-   объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

-  өткөрүп берилген мүлктү андан ары ээликтен ажыратпоо;

-   жогоруда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу