КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (иштерди) көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө тутумдашкан коррупцияны жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (иштерди) көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:

-  3.1 -пунктунда:

жетинчи абзацындагы “каражаттар” деген сөз “эсептер” деген сөз менен алмашылсын;

он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Эсеп-кысап материалдарын кароонун жүрүшүндө акы төлөмө кызмат көрсөтүлөрүнүн (иштердин) өзгөчөлүгүнө жараша  тарифтердин (баалардын) деңгээлин тактоо жана макулдашуу үчүн төмөнкүдөй (керектүү) маалыматтар талап кылынат:

-  бюджеттик жана атайын эсептер боюнча бухгалтердик отчёт;

-  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык штаттык санды камсыздоо боюнча чыгаша милдеттенмелерине багытталган  атайын эсептин  каражаттары боюнча маалымат;

-  жогору турган тиешелүү органдар тарабынан бекитилген, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча убакыт ченемдери (хронометраж актылары жана протоколдор) жана салыштырма таблицасы (алар өзгөргөн учурларда);

-  жогору турган тиешелүү органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык позициялары боюнча бекитилген чыгымдардын ченемине ылайык чыгымдалуучу материалдарын сарптоо эсеби;

-  эсепке киргизилген чыгымдалуучу материалдардын наркынын негиздемеси (прайс-баракчалары, эсеп-фактуралары);

-  чыгымдалуучу материалдардын наркын көрсөтүү менен чыгымдардын салыштырма таблицасы (колдонуудагы тарифтер жана тарифтердин долбоору);

-  баланстык наркын жана эскилигин көрсөтүү менен атайын эсептен сатып алынган негизги каражаттардын тизмеси;

-  кошумча чыгымдардын коэффициентин эсептөөгө же саат-ченемдеринин наркын эсептөөгө киргизилген сарптоо беренелери боюнча чыгымдарды чечмелөө;

-  электрондук жана/же кагаз форматында мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенти.”;

-  5.1 -пунктунда:

он төртүнчү абзацындагы “атайын каражаттардын эсебинен” деген сөздөр “атайын эсептин каражаттарынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жыйырма төртүнчү абзацындагы “бюджеттик эмес (атайын) каражаттардын эсебинен” деген сөздөр “атайын эсептин каражаттарынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                         С.Ж.Исаков 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу