КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 “Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 391 “Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежеде:

- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Монополияга каршы органга жиберилген арыздар (кайрылуулар) чарбакер субъекттин монополияга каршы мыйзамды бузуу белгилерин тастыктоочу документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө берилет.”;

- 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Эксперттик комиссия чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жол-жобосуна тартылган монополияга каршы органдын адистеринен жана монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароого байланыштуу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон кызыктар адамдардан түзүлөт. Эксперттик комиссия 5 адамдан турат. Эксперттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштама мүнөздөгү корутунду түзүлөт, комиссиянын тыянагы чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) тууралуу маселени кароодо сөзсүз керек.”;

- 12-пунктунун биринчи абзацындагы “30 күндүн” деген сөздөр “үч айдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                          С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу