КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 токтому

Генерациялоочу булактарды, электр бѳлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектѳѳчүлѳрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежесин бекитүү жѳнүндѳ

Электр энергетика чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 82-беренесине, “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү токтом кылат:

1. Генерациялоочу булактарды, электр бѳлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектѳѳчүлѳрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна тѳмѳнкүдөй ѳзгѳртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 3-главасы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Тиркеме

Премьер-министр                                                                   С.Ж.Исаков