«Ак-Суу райондук мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (мындан ары – Теплоключенка айыл өкмөтү) «Ак-Суу райондук мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасын (мындан ары – Ак-Суу ТЖКЧ) белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- Теплоключенка айыл өкмөтү менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Ак-Суу ТЖКЧнын негизги каражаттарын акысыз негизде Теплоключенка айыл өкмөтүнүн балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин жана кабыл алсын.
2. Теплоключенка айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр белгиленген тартипте сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Ак-Суу ТЖКЧны муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- аталган объектти андан ары максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- өткөрүлүп жаткан Ак-Суу ТЖКЧны Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына өзгөртүп түзүү;
- Ак-Суу ТЖКЧны мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана ишкананын негизги каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ж.Исаков |