Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусун жана символика белгисин даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-октябрындагы № 597 “Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин туусу жана символдук белгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев