Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 “Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 “Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги 21-позициясы “Ат майданын башкаруучу” деген сөздөрдөн кийин “, спорттук ден соолукту чыңдоо лагерин башкаруучу” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке тиешелүү жылга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков