«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу бирдиктүү системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын: «
38 | «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси» | 12 |
».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: «- «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси;».
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасында:
- «Республикалык ведомстволук мекемелер» позициясындагы «Улуттук тестирлөө борбору» деген сөздөр «Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү концепциясында:
- 5-главанын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун» деген сөздөр «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Тутумду башкаруу «Кыргызтест» тутумун башкарууну «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишке ашырат, ал мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун – «Кыргызтестти» түзөт.».
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 122-тиркеме менен толукталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 352-пункт менен толукталсын: «
352 | «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси» | 2 |
».
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы № 430 «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын; - 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун «Кыргызтест» башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жана финансы каражаттарын «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берсин; - ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн; - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
11, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- 14 324 381 (он төрт миллион үч жүз жыйырма төрт миң үч жүз сексен бир) сом өлчөмүндөгү акча каражатын издеп тапсын жана 2018-жылы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин ишин каржыласын; - «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
12, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.