Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин «Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 742 «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.»;
- 6-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктундагы «маалыматтык саясат» деген сөздөр «коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы жөнүндө жободо:
- аталышындагы «телерадиокомпаниясы жөнүндө жобо» деген сөздөр «телерадиокомпаниясынын уставы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Компаниянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат. Уюштуруучунун функциясын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аткарат (мындан ары – маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).»;
- 2-пунктундагы «Жобосуна жана» деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары «толук» деген сөздөн кийин «фирмалык» деген сөз менен толукталсын;
- 4-пунктунун биринчи абзацы «башка эсептерге,» деген сөздөрдөн кийин «оперативдик башкаруу укугунда» деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктундагы «Жобо» деген сөз «Устав» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы «жети» деген сөз «алты» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун жетинчи абзацындагы «уюмдагы» деген сөз «партиядагы» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Кеңеш маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 жылдык мөөнөткө билим берүү жана илимий мекемелер, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин арасынан аталган орган тарабынан бекитилген тартипте уюштурулат. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.»;
- 14-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы» деген сөздөр «маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктундагы «башкы директордун» деген сөздөр «Компаниянын башкы директорунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Кеңештин Регламентин жана Компаниянын Программалык концепциясын бекитүүгө;»;
жетинчи абзацындагы «Жободо жана» деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү абзацындагы «башкы директор» деген сөздөр «Компаниянын башкы директору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он бешинчи абзацындагы «Жободо» деген сөз «Уставда» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунда:
биринчи абзацындагы «Байкоочу кеңештин» деген сөздөр «Кеңештин» деген сөз менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы «башкы директордун» деген сөздөр «Компаниянын башкы директорунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктунун биринчи жана төртүнчү абзацтарындагы «Байкоочу кеңештин» деген сөздөр «Кеңештин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 22-пунктундагы «Байкоочу кеңеш» деген сөздөр «Кеңеш» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Башкы директор Компаниянын аткаруучу органынын функцияларын ишке ашырат жана өз ишинде Кеңешке жана маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында отчеттуу. Компаниянын Башкы директорунун эки орун басары бар.»;
- 24-пунктундагы «Байкоочу кеңеши» деген сөздөр «Кеңеши» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунда:
биринчи абзацындагы «башкы директордун» деген сөздөр «Компаниянын башкы директорунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы «Байкоочу кеңештин» деген сөздөр «Кеңештин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 26-пунктундагы «Байкоочу кеңештин» деген сөздөр «Кеңештин» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 29-пунктундагы «Жободо» деген сөз «Уставда» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 36-пунктундагы «Жобого» деген сөз «Уставга» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-главасынын аталышындагы «Жобого» деген сөз «Уставга» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 39 жана 40-пункттарындагы «Байкоочу кеңеш» деген сөздөр «Кеңеш» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 41-пунктунун экинчи абзацындагы «Байкоочу кеңеш» деген сөздөр «Кеңеш» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча киргизилет.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков