Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Музейлердин иштөө системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарда:
- 4-бөлүмдүн 83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “
83 | Музейдин директору | Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, экономикалык), музейлерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет. |
”.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков