КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 170 токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө  талапкерлердин полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык  Мыйзамынын  35-беренесинин 7-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин  полиграфологиялык изилдөөдөн өтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди полиграфологиялык изилдөөдөн өткөрүүнү уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;

- 2018-жылга полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алууну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынан каржыласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлиги менен макулдашуу боюнча   2019-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте полиграфологдун кызматтарын мамлекеттик сатып алуу үчүн  акча каражаттарын карасын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                         С.Ж.Исаков