КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-мартындагы № 149 токтому

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

        Эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

         1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 520 буйругу менен түзүлгөн коргоого алынган аймакка карата ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында жүрүп жаткан мыйзамсыз курулуш жана чарба иштерин комплекстүү изилдөө, анализдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине (мындан ары – “Сулайман-Тоо” УТАМК) мамлекеттик менчиктеги жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.

         2. Тиркелген схемалык картага ылайык “Сулайман-Тоо” УТАМКтын коргоо чөлкөмүнүн чегиндеги Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 79,0 га жер участогу “Сулайман-Тоо” УТАМКка мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.

   3. Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы “Сулайман-Тоо” УТАМКка жер участогуна карата укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте берсин.

     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча):

      - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн;

      - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;

   - “Сулайман-Тоо” УТАМКты көрктөндүрүүгө, жакшыртууга жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө байланыштуу уюштуруу маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүшсүн.

    5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Сулайман-Тоо” УТАМК:

      - “Сулайман-Тоо” УТАМКтын коргоо чөлкөмүнүн чегиндеги жер участокторун тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте пайдалануу режимин сактоо менен максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылышсын;

     - Айрым чарбакер субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурун бөлүнүп берилген жер участокторун кайтарып алуу боюнча иштерди улантышсын.

   6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Сулайман-Тоо” УТАМКтын коргоо чөлкөмүнүн чегиндеги жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну дайыма контролдоп турушсун.

    7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

    8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                      С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу