Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмеси, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макети, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 610 “Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесин жана адистиктерге окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков