КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 165 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 «Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында «Новосибирск ш. Вице-консулдук» позициясы «КРнын Новосибирск ш. Башкы консулдугу» позициясы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                              М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу