Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 27 - сентябрындагы №664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ченөө каражаттарын текшерүүнүн мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик - укуктук базасынын талаптарын аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 27 -сентябрындагы № 664 «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо төмөнкүлөр менен толукталсын:
- преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча жумуштардын натыйжаларын таануу эрежелерине ылайык ушул ченөө каражаттарынын типтерин бекитүүнү өз ара таануу жүргүзүлгөн, ЕАЭБнин аймагында өндүрүлгөн ченөө каражаттарын текшерүү Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тартипте жүргүзүлөт.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 14.1 - пункту менен толукталсын: «14.1. Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүдө:
- текшерүү методикасында көрсөтүлгөн текшерүү жол - жоболору аткарылат; - ченөө натыйжалары жазылат, текшерүү методикасында каралган форма боюнча текшерүү протоколу таризделет;
- ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Жобонун 18 же 22 - пункттарына ылайык таризделет.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Текшерүүгө жаткан ченөө каражаттарынын тизмеси жана текшерүүнүн мезгилдүүлүгүндө:
- бардык текст боюнча «Паспорттогу маалыматтарга ылайык» деген сөздөр «Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- «Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү» графасынын 22, 38, 46 жана 64 -пункттарындагы «Жылына 1 жолу» деген сөздөр «Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык» деген сөздөр менен алмашылсын;
- 483, 484 - пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
-1011 - пункту менен толукталсын:
« | 1011 | Заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүн аныктоонун анализаторлору | Жылына 1 жолу | »; |
- 102 жана 104 - пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« | 102 | Биохимиялык анализаторлор | Жылына 1 жолу | оптикалык системага жетүүсүз ченөө функциялары менен толугу менен автоматташтырылган жана техникалык системалар же түзүлүштөр менен анализаторлордон тышкары | », |
« | 104 | Иммуноферменттик анализаторлор | Жылына 1 жолу | оптикалык системага жетүүсүз ченөө функциялары менен толугу менен автоматташтырылган жана техникалык системалар же түзүлүштөр менен анализаторлордон тышкары | »; |
- 112 - пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« | 112 | Медициналык термометрлер: - электрондук - сымаптык | Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык Өндүрүштөн чыкканда | »; |
- 122 жана 123 - пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« | 122 | Электр энергиясынын үч фазалуу эсептегичтери: - индукциялык - электрондук | 4 жылда 1 жолу Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык | ||
123 | Электр энергиясынын бир фазалуу эсептегичтери: - индукциялык - электрондук | 8 жылда 1 жолу Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык | »; |
- 125 - пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« | 125 | а) 1000 В чейинки токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Ченөө каражатынын тибин бекитүү (бекитүүнү таануу) сертификатына ылайык | »; | |
б) 1000 В жогору токтун жана чыңалуунун трансформаторлору | Оңдолгондон кийин жана өндүрүштөн чыккан учурда |
- 130 – 134 - пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
« | 130 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун вольтметрлери эталондук | Жылына 1 жолу | ||
131 | Амперметрлер эталондук | Жылына 1 жолу | |||
132 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун амперметрлери эталондук | Жылына 1 жолу | |||
133 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун ваттметрлери эталондук | Жылына 1 жолу | |||
134 | Туруктуу, өзгөрүлмөлүү жана туруктуу-өзгөрүлмөлүү токтун киловольтметрлери эталондук | Жылына 1 жолу | »; |
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Дж.Исаков |