Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 «2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин мындан ары жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 319 «2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы «(мындан ары – Иш-чаралар планы)» деген сөздөр алып салынсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы 3-тиркемеге ылайык.»;
- 2-пунктунда:
«Иш-чаралар планын аткарууга» жана «Иш-чаралар планын аткаруунун» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «Жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткарууга» жана «жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«15» деген цифралар «25» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы «Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен» деген сөздөр «жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасында:
1-главасынын үчүнчү абзацындагы «финансылык-кредиттик мекемелердин» деген сөздөр «финансы-кредиттик уюмдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл текст боюнча «ФКМ» деген аббревиатура «ФКУ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
4-главасынын жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бул багыт жашоонун ар кандай этаптарында чоң кишилерди окутуу, ошондой эле калкка финансылык сабаттуулук боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү механизмдерин түзүү милдеттерин камтыйт.
Жарандардын финансылык маалыматка жана финансылык кызматтарга бирдей жана толук жетүүсүн камсыздоо боюнча 3-артыкчылыктуу багыттын милдеттери болуп жарандардын жеке финансылык жоопкерчилигине, коркунучтарды билүүсүнө негизделген карыз алууга карата жаңы мамилесин калыптандыруу, жеке аманат жана финансылык коргоо чөйрөсүндө улуу курактагы жарандарды ынандыруу, финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана төмөнкүлөр саналат:»;
- жогоруда аталган Программанын 2-тиркемесинде:
«КМБ» - «Ишеним» кредиттик-маалымат берүү бюросу» деген аббревиатура жана сөздөр «КМБ» - «Кредиттик маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси» деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
«ФКМ» - финансылык-кредиттик мекемелер» деген аббревиатура жана сөздөр «ФКУ» - финансы-кредиттик уюмдар» деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
тиркеме төмөнкүдөй кыскартуулар менен толукталсын:
«Финмин – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Жаштар жана спорт агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын биринчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- бүткүл текст боюнча «ФКМ» деген аббревиатура «ФКУ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
2.1-милдетиндеги «Күтүлүүчү натыйжалар» графасынын экинчи абзацындагы «борборлору түзүлгөн» деген сөздөр «борборлорду түзүү маселелери иштелип чыккан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.3-милдетиндеги «Күтүлүүчү натыйжалар» графасынын экинчи абзацындагы «иштелип чыккан жана веб-сайтта жайгаштырылган» деген сөздөр «веб-сайтта жайгаштыруу үчүн иштелип чыккан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков