КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 108 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 7-пункту «Дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-пункту «дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 14-пункту «ранг ыйгаруунун кезектүүлүктүн сактабастан» деген сөздөрдөн кийин «бирок бир тепкичтен жогору эмес» деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-пункту «Дипломатиялык кызматтын» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген» деген сөздөр менен толукталсын;

- 17-пункту «мамлекеттик кызмат жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «жана дипломатиялык кызмат жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу