Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 «К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставында:
- 1.5-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Уюштуруунун ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аткарышат.»;
- он алтынчы абзацы «Айыл чарба» деген сөздөрдөн кийин «, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация» деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1.8. Университеттин юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 68.»;
- 3.1-пункту «сырттан» деген сөздөн кийин «, дистанциялык» деген сөз менен толукталсын;
- ІV главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ІV. Абитуренттерди кабыл алуу тартиби, Университеттин студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү»;
- 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.1. Университетке абитуриенттерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
Студенттерди которуу, чыгаруу жана окууга калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.»;
- 6.5-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.5. Университеттин ректорун шайлоонун жана дайындоонун тартиби «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.».
онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
он үчүнчү абзацындагы «асыл тукум,» деген сөздөр алып салынсын;
- 6.6-пунктундагы «биринчи» деген сөз алып салынсын;
- 6.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6.7. Университеттин декандарын жана кафедра башчыларын шайлоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырылат.»;
- 6.9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Университеттин Камкордук кеңешинин сандык жана сапаттык курамын Университеттин Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктайт жана бекитет.»;
- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 6.11-пункт менен толукталсын:
«6.11. Университеттин мамлекеттик илимий мекемелеринин (илим-изилдөө институттарынын) жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин макулдугу менен тийиштүү профилдеги илимдин доктору деген окумуштуу даражасы бар 70 жашка чейинки курактагы адистердин ичинен дайындайт»;
- 11-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 11.5-пункт менен толукталсын:
«11.5. Университет жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-августунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган бюджеттик эмес каражаттарды чыгымдоо жөнүндө коомдук угууну өткөрөт. Жарандык сектордун өкүлдөрү жана кызыкдар адамдар коомдук угууларга катыша алышат.»;
- 13.2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков