КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 146 токтому

Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында радио жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануу, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы тиркемеге ылайык бекитилсин.     

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    С.Ж.Исаков