КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 134 токтому

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө   

  Жеке жана юридикалык жактарга электрондук формада көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Электрондук колтамга жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана                        17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети: 

- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу 2018-жылдын 15-марты   – 15-сентябрында электрондук формада мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча пилоттук долбоорду өткөрсүн;

 - пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда  2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин. 

2. Пилоттук долбоорду өткөрүү учуруна Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелери бекитилсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфосистема» мамлекеттик ишканасына Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык коштоого ыйгарым укук берилсин. 

4. Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор: 

- ички маалыматтык системаларды Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кошуу боюнча чараларды көрүшсүн;

 - пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда 2018-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте электрондук формада берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын жана тиешелүү административдик регламенттеринин долбоорлорун киргизишсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын ишке киргизүүнү жана техникалык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансы каражаттарынын чегинде өз убагында каржылоону камсыз кылсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 15-мартынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр
                       С.Ж.Исаков