Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 «Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 «Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
экинчи абзацындагы «10» деген цифралар «5» деген цифра менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Ыйгарым укуктуу органдын консулдук кызматы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан шашылыш тартипте акы төлөөнүн негизинде, 2 жумуш күндүн ичинде документтер мыйзамдаштырылышы мүмкүн.»;
- 12-пунктундагы «штампы коюлат» деген сөздөр «консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктунун экинчи абзацындагы «штампы коюлат» деген сөздөр «консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди консулдук мыйзамдаштырууда ушул Жобонун 16 жана 25-пункттарынын негизинде документке ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык толтурулган мыйзамдаштыруу жазуусу менен консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат жана эгерде ушул Жободо башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин мөөрү басылат.»;
- 19-пунктунун экинчи абзацындагы «штамп коюлат» деген сөздөр «консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасы чапталат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пунктунда:
биринчи абзацындагы «керектүү штамп коет» деген сөздөр «консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасын чаптайт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
33-пунктундагы «керектүү штамп коет» деген сөздөр «консулдук мыйзамдаштыруу чаптамасын чаптайт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 40-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын консулдук мыйзамдаштыруу чаптамаларынын баяндамасы жана алардын үлгүлөрү 6-тиркемеге ылайык.»;
- ушул Жобонун 1 - 4-тиркемелери, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 6-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков