Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
6-пунктунда:
- “а” пунктчасында:
экинчи жана тогузунчу абзацтарындагы “Бажы союзунун Бажы кодексинин” деген сөздөр “Евразия экономикалык союзунун Бажы кодексинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажы төлөмдөрүн бажы органдары тарабынан алууну уюштурат;”;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жөнгө салат;”;
тогузунчу абзацындагы “бажы органдары тарабынан” деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик органдар менен кызматташат жана өз ара аракеттенет;”;
- “б” пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “Бажы союзунун Бажы кодексинин” деген сөздөр “Евразия экономикалык союзунун Бажы кодексинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “г” пунктчасынын экинчи абзацындагы “товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан тышкы экономикалык байланыштын катышуучулары” деген сөздөр “тышкы экономикалык иштин субъекттери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктунун алтынчы абзацындагы “бажы айланасындагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды” деген сөздөр “бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жүргүзгөн жактарды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 21-пунктундагы “1227”, “158” жана “1069” деген цифралар тиешелүү түрдө “1139”, “181” жана “958” деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыскартылуучу кызматкерлеринин эмгек акы фондунун каражаттарынын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын эмгек акы өлчөмүн жогорулатууга багытталары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө ушул токтомдун 3-пунктунда каралган каражаттардын эсебинен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин жана жумушчуларынын эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6, Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков