Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Запастагы жерлерди пайдаланууга байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-ноябрындагы № 636 “Запастагы жерлерди түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобонун долбоорун жактыруу тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги запастагы жерлерди түзүүнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ж.Исаков