КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 159 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

     «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

   1) аталышындагы, 1, 2-пункттарындагы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу» деген сөздөр «Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү («Таза Коом»)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген схема ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

  3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- аталышындагы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу» деген сөздөр «Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү («Таза Коом»)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү («Таза Коом») боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүнү координациялоо боюнча жогорку орган болуп эсептелет.»;

         - 3-пунктта:

экинчи абзацы «электрондук башкарууга» деген сөздөрдөн кийин  «, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада берүүгө» деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

      «- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн стандарттарынын жана административдик регламенттеринин долбоорлорун макулдашуу;»;

      - 5-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтарындагы «бир өкүл» деген сөздөр «эки өкүл» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

  - 6-пунктундагы «Премьер-министри» деген сөз «Өкмөтү» деген сөз менен алмаштырылсын;

        - 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  «11. Кеңештин туруктуу иштеген жумушчу органы Маалыматташтырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) болуп саналат.»;

       - 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     «12. Комиссия мамлекеттик электрондук башкарууга өтүү процессинде, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ишке киргизүү жана көрсөтүү процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин учурдагы иштерин координациялайт.»;

       - 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

     «13. Комиссияны төрага башкарат, ал ишти уюштурат жана Комиссиянын жыйындарын өткөрөт, Кеңеште жана башка мамлекеттик органдарда Комиссиянын атынан чыгат. Комиссиянын төрагасы ченемдик актылар, анын ичинде Кеңештин чечимдери менен жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.»;

       - 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

      «14. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууга өтүүдө уюштуруу-методикалык, маалыматтык-аналитикалык жана техникалык камсыздоону электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган).»;

        - 15-пунктта:

биринчи абзацындагы «ДБЭТтин» деген аббревиатура «ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 

        - 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

        «16. Комиссия Кеңеш менен макулдашуу боюнча донорлордун, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын тандоо жол-жоболору боюнча каражаттарына бюджеттик эмес булактардан каржылануучу көз карандысыз улуттук жана эл аралык эксперттерден эксперттик жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.

           Түзүлгөн эксперттик жумушчу топтор өз ишин коомдук негизде жүргүзүшөт.»;

     - 17-пунктунун экинчи абзацындагы «долбоорун» деген сөз «долбоорлорун жана Санариптик транформациялоо алкагындагы концепцияларды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

        2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                           С.Ж.Исаков