КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-мартындагы № 132 токтому

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө  убактылуу жобонун 2019-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиешелүү чечимдери менен аныктала тургандыгы жөнүндө ченемди караган «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы  № 120 «Кыргыз Республикасынын                           Премьер- министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                     С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу