Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 «Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөөнүн тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 «Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобонун:
- 2.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2.3. Мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар учурдагы ай үчүн төлөнүп берилет. Мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар банк системасы аркылуу накталай эмес формада, алуучунун «Элкарт» банк төлөм картасынын эсебине каражаттарды которуу жолу менен төлөнөт. Банк мекемеси же банкомат болбогон калктуу конуштарда мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар алуучунун жашаган жери боюнча жеткирүү жолу менен почта байланыш ишканасы аркылуу төлөнөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундарына, «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандарга, саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине), «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлерине (жесилдерине) мамлекеттик пособиелер жана акчалай компенсациялар алуучунун «Элкарт» банк төлөм картасынын эсебине каражаттарды которуу жолу менен накталай эмес формада банк системасы же алардын тандоосу менен жашаган жери боюнча жеткирүү жолу менен почта байланыш ишканасы аркылуу төлөнөт.»;
- 2.4-пунктунун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков