«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы «алардын диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгондугун же ден соолугунун абалын эске алып,» деген сөздөр «алардын диний ынанымдарын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун эске алып,» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- диний ынанымдары боюнча чакырылган, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга каалоосун билдирген адамдарды ысымы жазылган тизмеге ылайык жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жиберүүгө.»;
- 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматкерлерин коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу орундарына бөлүштүрүшөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткарылган иштердин актыларында көрсөтүлгөн коомдук пайдалуу жумуштардын аткарылган өлчөмүнө ылайык альтернативдик кызматтын кызматкерлери тарабынан аткарылган коомдук пайдалуу жумуштардын түрлөрүнүн жана сааттарынын эсеби жүргүзүлөт. Актылар аймагында жумуштар аткарылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдары тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары квартал сайын, ошондой эле альтернативдик кызматтын кызматкери 108 саат өлчөмүндөгү коомдук пайдалуу жумуштарды аткаргандан кийин ага иштеген сааттарынын саны жана аткарган жумуштары жөнүндө маалымкат беришет.»;
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары белгилеген коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга жана иштеген сааттарынын саны жөнүндө тиешелүү аскер комиссариатына квартал сайын маалымкат берүүгө.»;
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардан тышкары, Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун негизинде аскер комиссарынын буйруктары менен запаска бошотулат.
Аскер комиссары кызматкердин кызмат өтөөсүнүн толуктугун жана төлөнгөн акча каражаттарынын суммасын, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды белгиленген саат өлчөмүндө аткаргандыгын эсепке алуу документтери боюнча тактап, альтернативдик кызматтын кызматкерин бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Диний негизи курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандардын катарындагы, Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн, коомдук пайдалуу жумуштарды аткарган жана белгиленген төгүмдү толук көлөмдө төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери альтернативдик кызматтан бошотулат жана аскердик каттоодон чыгарылат.»;
- 25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кызматкер альтернативдик кызмат өтөөдөн качкан учурда аскер комиссары жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн укук коргоо органдарына өткөрүп берет.
Жазык ишин козгоодон баш тартылган, бирок кызматтын мөөнөтү аяктагандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде белгиленген төгүмдү төлөө боюнча мурдагы карызын төлөбөгөн, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды толук көлөмдө аткарбаган альтернативдик кызматтын кызматкерлери аскер комиссарынын буйругу менен альтернативдик кызматтын кызматкеринин эсебинен чыгарылат жана ысымы жазылган тизме боюнча аскерге чакырылуучулардын эсебине берилет.»;
- 33-пунктунун үчүнчү-бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 509 «Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «д)» пунктчасы менен толукталсын:
«д) ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктагандар, ички иштер органдарынан бошотулгандар.»;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Кызматты өтөөнүн түрү (каттоонун категориясы) боюнча жоокердик жана сержанттык курамдагы аскерге милдеттүүлөр биринчи жана экинчи болуп эки категорияга бөлүнөт.
Биринчи категориядагы запаска төмөнкү аскерге милдеттүүлөр кирет:
- мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөндөр;
- аскерге чакырылуучу мобилизациялык резервде кызмат өтөгөндөр, баштапкы аскердик жыйындардан өткөндөр, мобилизациялык резервдин жыйындарынан өткөндөр;
- үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр;
- ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктагандар, ички иштер органдарынан бошотулгандар.
Экинчи категориядагы запаска төмөнкү аскерге милдеттүүлөр кирет:
- аскердик кызмат өтөбөгөндөр;
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи-он бешинчи абзацтарына ылайык альтернативдик кызматка чакырылгандардан тышкары алтернативдик кызматты өтөгөндөр.»;
- 29-пунктунда:
- биринчи абзацындагы «жана ИИМ» деген сөздөр алып салынсын;
- «а)» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«а) «КК» тобун каттоо боюнча төмөнкүлөр эсепке алынат:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө, аскердик кызмат мыйзам менен каралган мамлекеттик органдарда аскердик кызматты өтөгөн, каттоонун өзүнчө топторунда көрсөтүлбөгөн прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана жоокерлер, ошондой эле аскерге чакырылуучу мобилизациялык резервде аскердик жыйындардан өткөндөр, мобилизациялык резервдин жыйындарынан жана баштапкы аскердик жыйындардан өткөндөр;
- Куралдуу Күчтөрдүн запасына ар кандай себептер менен каттоого берилген аскерге чакыруу (18-25 жаш) курагындагы жарандар;
- медициналык адистиктер боюнча медициналык даярдыкты алган аскерге милдеттүү аялдар.»;
- «в)» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы «з)» пунктчасы менен толукталсын:
«з) ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын (бюджеттик негизде күндүзгү окуу формасында) жана башка өлкөлөрдүн ушуга окшош билим берүү уюмдарын аяктаган, ички иштер органдарынан бошотулган жарандар үчүн - ички иштер органдарынан бошотулгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.»;
- 66-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«66. Аскердик билеттин, аскердик каттоого туруу жөнүндө күбөлүктөрдүн, альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүнүн, убактылуу күбөлүктөрдүн (аскердик билеттин ордуна берилүүчү) бланктарын, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, ошондой эле согуш убагындагы жана мобилизация боюнча аскерге чакырууну кийинки мөөнөткө калтыруу жөнүндө күбөлүктүн бланктарын, атайын аскердик каттоого аскерге милдеттүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарлоо барактарын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдайт.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 770 «Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү боюнча Жободо:
- 31-пунктундагы «ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарамдуулугу жөнүндө,» деген сөздөр алып салынсын;
- 33-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы «, соттолгондугу» деген сөз алып салынсын;
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жетинчи абзацындагы «Ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарактуу же» деген сөздөр алып салынсын;
- 34-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы «, соттолгондугу» деген сөз алып салынсын;
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 46-пунктундагы «, соттолгондугунун бар болушу же ден-соолугунун абалы» деген сөздөр алып салынсын;
- 47-пунктунун «д)» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 48-пунктунун «д)» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 49-пунктунда:
- «к)» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«к) соттолгон болсо;»
- «л)» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 50-пунктунда:
- «к)» пунктчасындагы «, аларды кылмыш-жаза жазаларын өтүү жерлерине жиберүү жөнүндө көчүрмөлөрдү» деген сөздөр алып салынсын;
- «л)» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 62-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Мөөнөттүү аскер кызматына чакырууга тийиш болгон аскерге чакырылуучулардын дене боюнун өнүгүү деңгээли коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген ченемдерге ылайык дене тарбия көнүгүүлөрүнүн үч түрүн аткаруу боюнча бааланат.»;
- 90-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Кезектеги аскерге чакырууда аскердик кызматка жарактуу деп таанылган, бирок жиберүүлөр аяктаганда мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу наряды аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жиберилбеген жарандар альтернативдик кызматты өтөө укугун берүүгө райондук (шаардык) чакыруу комиссиясына кайрадан чакырылышат.
Коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирген жарандар боюнча башында кабыл алынган мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечим жокко чыгарылып, альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.»;
- 95-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында катардагы эмес кызматка жарактуу, аскердик кызматка жараксыз деп таанылган жарандарды жеке кароо боюнча, ошондой эле медициналык күбөлөндүрүүнүн документтеринин бар экендиги боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен контролдук медициналык текшерүүнү уюштуруу;»;
- 124-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Аскер бөлүктөрүнүн жана окуу борборлорунун өкүлдөрү, Республикалык чакыруу комиссиясынын өкүлдөрү менен бирдикте коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген моралдык-иштик сапаттарын аныктоо тесттерин кабыл алышат, ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүнүн үч түрүн аткаруу боюнча алардын дене боюнун өнүгүүсүнүн деңгээлин аныкташат. Тестирлөөнүн жана дене боюнун өнүгүүсүн баалоонун жыйынтыгы боюнча аскерге чакырылуучулар менен аскердик командаларды ысымы жазылган тизме боюнча кабыл алат жана каттоо документтеринин болуусун текшерет.»;
- 126-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 128-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 130-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«130. Үй-бүлөлүк абалын, диний уюмга таандык экендигин тактагандан, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосу жөнүндө арызды карагандан кийин райондук (шаардык) чакыруу комиссиясы аскерге чакырылуучуларды альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Чакыруу комиссиясынын чечими аскерге чакырылуучуга жеткирилет.».
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков