Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 “Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын колдоо боюнча коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарууга керектүү шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнүн кызыкчылыгындагы ишти камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 267/9 “Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегин жана Жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын категорияларынын жашыруундуулук даражасын белгилөөнүн жана маалыматтардын жашыруундуулук даражасын аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырды түзүүчү эң негизги маалыматтардын тизмегинде:
- преамбуланын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аскердик техника – күжүрмөн аракеттерди камсыз кылуу, аскерлерди окутуу жана куралдарды, аскердик техникаларды сыноо үчүн арналган каражаттар (чалгындоо, байланыш, башкарууну автоматташтыруу каражаттары, радиоэлектрондук техника, инженердик машиналар, автомобилдер, самолеттор, вертолеттор ж.б.);”;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Куралдарды, аскердик техникаларды жана мүлктөрдү берүүгө келечектүү жана жылдык тапшырыктар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле республиканын Куралдуу Күчтөрүнө алардын иш жүзүндө берилгендиги (натуралай түрдө) жана куралдар, аскердик техникалар оңдолгондугу жөнүндө маалыматтар.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков