Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 “Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пенсиялык активдерди натыйжалуу инвестициялоону уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 “Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков