КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 125 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы № 482 «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөндүгүнө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын  25-августундагы № 482 «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту «министрликтеринин» деген сөздөн кийин «, мамлекеттик комитеттеринин» деген сөздөр менен толукталсын;

- 4-пунктундагы «мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө» деген сөздөр «коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу боюнча бөлүмүнө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                              С.Ж.Исаков