КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 120 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

     «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

      1) 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине» деген сөздөр «бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын»;

2) 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы «кирешелери менен» деген сөздөр алып салынсын;

3) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Фонд өткөн жылда бажы органдары товарларды чыгарууга, баштапкы чечим кабыл алууга байланыштуу бажылык операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн бажылык жыйымдардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардан республикалык бюджетке түшкөн кирешеге барабар суммада республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн эсебинен каржылоодон түзүлөт.»;

4) 4 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 6-пунктунда:

         - экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

         «- Мамлекеттик бажы кызматынын органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, кызматтык автотранспорт, оргтехника алууга, бажы инфратүзүмүнүн объекттерин, балдар бакчаларын, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерин, кызматкерлер, техникалык жана кенже тейлөө персоналынын жумушчулары (мындан ары – жумушчулар) үчүн турак жайларды алууга, курууга жана күтүүгө, кызматтык имараттардын ижарасына төлөөгө;»;

- үчүнчү абзац «илимий изилдөө мекемелерин» деген сөздөрдөн кийин «, музейин» деген сөз менен толукталсын;

- бешинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- онунчу абзацында:

«, жалданып иштөөчүлөрдү жана контрактчыларды» деген сөздөр «жана кызматкерлерди» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«а», «г» жана «ж» пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

«б» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«б) ссудаларды берүү;»;

«в» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«в) Мамлекеттик бажы кызматынын органдарынын кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек жана тиричилик, турак жай шарттарын жакшыртууга;

«д» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«д) өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же майыптыкка дуушар болгон кызматкердин жана жумушчунун үй-бүлөсүнө бир жолку пособие төлөөгө;»;

«е» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«е) кызматкерлерди жана жумушчуларды сыйлоого;»;

төмөнкүдөй мазмундагы «з» пунктчасы менен толукталсын:

«з) стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду, стратегиялык документтерди ж.б. иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөө иштерине төлөөгө.»;

6) 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «7. Фонддон Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин, жумушчуларын сыйлоо жана ссуда берүү Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бекитилүүчү мындай төлөмдөр жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.»;

7) төмөнкүдөй мазмундагы IV бөлүм менен толукталсын:

«IV. Эсепке алуунун тартиби жана отчеттуулук

9. Фонддун каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жүргүзүлөт.

10. Мамлекеттик бажы кызматынын финансылык бөлүмү Фонддун каражаттарынын түзүлүшүн (түшүүсүн), бөлүштүрүлүшүн эсепке алат, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык дайындоолорго ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча Фонддун тескөөчүсүнө отчет берет.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                               С.Ж.Исаков

Тиркемелер

Басып чыгаруу