Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 115-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарын түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жогоруда аталган Жобонун ишке ашырылышы боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж.Исаков