КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 110 токтому

Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Административдик жол-жоболорду ишке ашырууда мамлекеттик кызматчылардын аракеттеринин тартибин, ошондой эле административдик иштерди жана административдик актыларды каттоо журналын жүргүзүүнүн тартибин аныктоо максатында, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча координациялоочу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар:

- административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби

жөнүндө ведомстволук жоболорду белгиленген тартипте бекитишсин;

- административдик жол-жоболорду автоматташтыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Административдик жол-жобону жүзөгө ашыруучу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери ушул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышары белгиленсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                                    С.Ж.Исаков