Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти жөнүндө
Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын тартибин белгилөө жана өз ара байланышын координациялоону камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Эл аралык финансы уюмдарына мүчөлүгү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 9-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
- Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир жумалык мөөнөттө Эл аралык валюта фонду менен кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара байланышынын регламентин Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнө жиберсин.
- Эл аралык валюта фондуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кат алышууда (отчеттор, материалдар, каттар) жумушчу тил катары орус тилин колдонуу сунушталсын.
- Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
______________ С.Ж.Исаков ____________ Т.С. Абдыгулов