КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 74 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

-   Планды белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча так чараларды көрүшсүн;

-   Планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Планды аткаруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турсун.

4. Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                    С.Ж.Исаков