Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 “Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Илимий ишти өнүктүрүү, анын аброюн жогорулатуу, илимий жана педагогикалык кадрларды колдоо үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 “Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. 2018-жылдын 1-январынан баштап негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөк белгиленсин:
- илим доктору илимий даражасы үчүн – 1800 сом өлчөмүндө;
- илим кандидаты илимий даражасы үчүн - 900 сом өлчөмүндө.”.
2. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 3. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр С.Ж.Исаков